Украинадагы Кыргыз жарандарын эвакуациялоо боюнча кошумча маршруттар түзүлдү. Тышкы иштер министрлиги менен Кыргыз өлкөсүнүн Украинадагы элчилиги Словакия аркылуу (Кошице-Стамбул-Бишкек) эвакуациялоо маселесин иштеп чыгышты.
"Өлкөгө кайтууну каалаган жарандар Украинадагы консул Эрмек Каныбековго +380997573413, +380442370347 телефондоруна кайрылсаңыздар болот.
Украинанын аймагында согуштук аракеттер жүрүп жатканына байланыштуу жеке коопсуздукка коркунуч жаралышы мүмкүн экенин эскертибиз. Эгерде сиздин жашаган жериңиз коопсуз болсо, кырдаал жөнгө салынганга чейин эч жакка чыкпоону сунуштайбыз", - дешет маалымат кызматынан.