Бүгүн, 27-февралда Бишкектин Биринчи Май жана Свердлов райондорунда Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат.
Бишкектин эки районундагы шайлоо тилкелеринде саат 08:00дө Кыргыз Республикасынын гимни жаңырып, шайлоочулар үчүн эшик ачылды.
№1214, №1215 жана №1217 шайлоо тилкелеринде добуш берүүчүлөрдүн саны мурдагыларга салыштырмалуу аз.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо Свердлов жана Биринчи Май бир мандаттуу шайлоо округдарында "баарына каршы" графасы эң көп добуш алгандыгына байланыштуу кайра шайлоо жарыяланган.