Кыргыз-казак чек арасында 100дөй жүк ташуучу унаа кезекте турат

Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жаткандыгын маалымдады.

Ага ылайык, бүгүн, 27-февралда кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек-авто жол" көзөмөл өткөрүү жайында кезекте 70 жүк ташуучу унаа турат. ошондой эле көзөмөл өткөрүү жайынан анча алыс эмес жерде жолдун боюнда 25 жүк ташуучу унаалардын айдоочулары жүктүн коштомо документтерин, ПЦР тесттин жыйынтыгын жана башкаларды күтүп турушат.

Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги башка көзөмөл өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны катталган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан