
Украинадагы Кыргыз жарандарын Венгрия аркылуу эвакуациялоонун биринчи этабы бүгүн, 27-февралга белгиленген. Тилекке каршы, Киев-Венгрия эвакуациясы болбой калды.
Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов билдирди.
"Киев шаарынын мэриясынын чечимине ылайык, дүйшөмбү күнгө чейин коменданттык саат киргизилип, пландалган эвакуация 28-февралга жылдырылды.
Жарандарыбызды коменданттык саат бүткөнгө чейин коопсуз жайларда калып турууга чакырам. Себеби шаарда жүрүүгө тыюу салынды жана көчөдө кармалган жарандарды “диверсант” катары таанышып, камакка алышат", - дейт элчи.