"Жибек Жолу-2012" операциясы 103 чек ара бузуу фактысын ачыкка чыгарды

Бүгүн УКМКнын алдындагы Чек ара аскеринин басма сөз кызматы маалымдагандай, "Жибек Жолу-2012" операциясынын жыйынтыгы чыгарылды. Аталган операция 3-сентябрдан 12-октябрга чейин КМШ өлкөлөрүнүн ичинде өткөрүлгөн. Операциянын башкы милдети мамлекеттин аймагында жана чек арасында мыйзамга туура келбеген иштерди аткарып жаткан кылмыштуу топторду жана уюмдарды таап чыгуу болчу. "Жибек Жолу-2012" операциясынын жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында 103 мамлекеттик чек араны бузуу фактысы катталган. Ошондой эле чек аранын режимин бузгандардын саны 39, издөөдө жүргөндөрдүн саны 239 экени анык болгон.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан