Бүгүн, 28-февралда той-аш өткөрүүнү тартипке келтирүүгө багытталган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтүп жатат.
Учурда бул мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Улугбек Ормонов баяндама жасап жатат. Анын айтымында, мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлганда ар кандай сунуштар түшкөн.
Мыйзам долбоорунда жазылгандай, үй-бүлөлүк салтанаттар 100дөн 200гө чейинки адамды чакыруу менен жүргүзүлөт. Ал эми үйлөнүү той салтанаттар 200дөн 300гө чейинки адамга банкет менен бир күндүн ичинде өткөрүлөт. Жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында никелешүүнү мамлекеттик каттоо салтанаты 3төн ашык эмес жеӊил унааны колдонуу менен өткөрүлөт.
Маркумду акыркы сапарга узатуу катышуучулардын санын чектөөсүз жана ири мүйүздүү мал жана жылкы союусуз өткөрүлөт. Маркумдун элесине арналган иш-чаралар 100дөн 300гө чейин адамды чакыруу менен өткөрүлөт.