Орусияга карата киргизилиши мүмкүн болгон санкциялар жана бир катар орус банктарын SWIFT системасынан өчүрүү ыктымалдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы билдирүү жасады.
Анда өлкөдөгү банк системасы өзүнүн туруктуулугун сактап, штаттык режимде иштеп жаткандыгын кабарлады.
“Кыргыз Республикасынын банк системасы туруктуулугун сактап турат. Коммерциялык банктар штаттык режимде иштеп жатат. Ошондой эле улуттук жана эл аралык төлөм системалары кардарларга банк кызматтарынын толук көрсөтүшүүдө. Өлкөдөгү банктар тарабынан чет өлкөлөрдөгү, ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн банктары менен корреспонденттик мамилелер боюнча келишимдер түзүлгөн, алар Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары товарлар менен кызмат көрсөтүүлөргө, төлөмдөрдү үзгүлтүксүз жүргүзүүгө мүмкүндүк берет”, - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле өлкөдөгү банктардын көпчүлүгү SWIFT системасына Улуттук банк аркылуу же түз туташтырылганын кабарлады.
“Коммерциялык банктарынын көпчүлүгү SWIFT системасына Улуттук банк аркылуу же түздөн-түз туташтырылган. Буга байланыштуу Орусиянын айрым банктарын SWIFT системасынан өчүрүү тобокелдиги кыргыз банктарынын төлөмдөрүн токтотууга алып келбейт. Ошол эле учурда Улуттук банктын талабына ылайык, коммерциялык банктар финансылык билдирүүлөрдү жөнөтүү үчүн альтернативдүү байланыш каналдарына ээ.
Улуттук төлөм система жана акча которуу системалар штаттык режимде иштеп жатат. Башка өлкөдө орун алган жагдайдын улуттук төлөм системасынын жана акча которуу системаларынын иштешине тийгизген таасири минималдуу”, - деп айтылат билдирүүдө.
Мындан сырткары, Улуттук банк өлкөнүн банк жана төлөм системаларынын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн тиешелүү бардык чаралар көрүлөрүн кабарлады.
“Улуттук банк 1993-жылы кабыл алынган алмашуу курсун колдонууну улантат, анын алкагында курстун динамикасы ички валюта рыногунда чет өлкө валютасына болгон суроо-талап менен сунуштун балансынын негизинде аныкталат. Алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында, Улуттук банк зарыл болгон учурда акча-кредит саясатына ылайык, тиешелүү операцияларды, анын ичинде валюталык интервенцияларды жүргүзөт.
Улуттук банктын эл аралык резерв көлөмү жетиштүү болуп саналат жана өлкөнүн келечектеги товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр импорту көлөмүнүн 6 айынын ордун жабат. 2022-жылдын 26-февралына карата абал боюнча Улуттук банктын эл аралык резерв көлөмү 2 768 миллион долларды түзгөн.
Улуттук банк тышкы финансы рынокторундагы, соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасындагы кырдаалга туруктуу негизде байкоо жүргүзөт жана көзөмөлдөйт, зарыл болгон учурда өлкөнүн банк жана төлөм системаларынын туруктуулугун андан ары камсыз кылуу үчүн тиешелүү чараларды көрөт”, - деп билдирди Улуттук банк.