2022-2023-жылдын окуу жылына карата 1-класска кабыл алуу үчүн электрондук каттоо 11-апрелде башталат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын расмий сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, электрондук каттоо mektep.edu.gov.kg сайтында жүргүзүлөт.
Каттоодон өтүү үчүн төмөнкү документтерди 11-апрелге чейин даярдоо сунушталат:
- паспорт;
- баланын туулгандыгы жөнүндө күбөлүк;
- ата-эненин же баланын мыйзамдуу өкүлүнүн паспортундагы персоналдуу идентификациялык номери;
- Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук каттоосундагы дарегин текшерүү зарыл.
Мектепке электрондук каттоо автоматташтырылган маалыматтык системанын программалык деңгээлде кийинки мыйзамдуу жеңилдикке ээ жарандарга артыкчылык берет:
Эскертүү: Жогорудагы жеңилдик алгандар 11-апрелге чейин иштеген жеринен маалымкат даярдашы зарыл.
Белгилей кетсек, электрондук каттоо 11-апрелде башталып, 24-июнда аяктайт. Ал эми каттоодон өткөн соң документтерди 1-августтан 15-сентябрга чейин кабыл алынган мектептерге тапшыруу зарыл.