Бүгүн, 28-февралда той-аш өткөрүүнү тартипке келтирүүгө багытталган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтүп жатат.
Депутат Динара Ашимова бул мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөй турган орган болушу керектигин айтты.
"Мыйзамдын аткарылышына ким көзөмөл жүргүзө турганы жазылбай калыптыр. Кайсы орган бул боюнча көзөмөл жүргүзөт? Ал органдардын кандай ыйгарым укуктары болот? Мал союлганын ким текшерет? ИИМдин ыйгарым укуктарына мындай нормалар кирбейт. Айыл башчыларына жана акимдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү милдеттендириш керек. Ошондо жоопкерчиликке тарта алабыз. Эл колдойт, бирок башына түшкөндө туугандары кеңеш берет. Оңой менен психология өзгөрүп кетпейт", - деди депутат.