Көк-Арт ашуусунда кар көчкү алдында калган 2 Кытай жаранын издөө иштери уланууда

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына Көк-Арт ашуусунда түшкөн кар көчкүнүн алдында калгандарды издөө иштери уланып жатканын кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-февралда дагы 2 Кытай жаранын издөө иштери уланууда. Ага ӨКМнын 52 куткаруучусу, "Чайна Роуд" ишканасынын 4 техникасы тартылган.

Ал жерде жүргүзүлүп жаткан иштерди өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов жетектөөдө.
Эскерте кетсек, 14-февралда Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 332-чакырымында кар көчкү түшүп, “Чайна Роуд” компаниясынын 4 айдоочусу техникасы менен кар көчкү алдында калган.

Тынбай издөө иштеринин алкагында, 26-февраль күнү унаа жолдогу туннелдин түндүк тарабынан 24 жаштагы Кыргыз жаранынын жана туннелдин түштүк тарабынан 44 жаштагы Кытай жаранынын сөөгү табылган.

Ошондой эле кар көчкү алдында калган жол оңдоп жаткан кытайлык ишкананын 4 техникасы табылган.

Учурда калган эки адамды издөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан