ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы “Кулатуу Эртаймаш” улуттук күрөшүнүн дүйнөлүк федерациясы менен өнөктөш болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 25-февралда Бишкек шаарында WEF GLOBAL (World Ertaymash Federation)- «Кулатуу Эртаймаш ММА» улуттук күрөшүнүн эл аралык турнири өткөрүлдү. Анда Орто Азиянын мыкты спортчулары таймашты. Аталган мелдеште Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы “Кулатуу Эртаймаш” федерациясы менен өнөктөш болду.
Ачылыш аземинде «Кулатуу Эртаймаштын» президенти Руслан Кыдырмышев, Валентина Шевченконун машыктыруучусу Павел Федотов жана Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлү Таалай Суваналиев сөз сүйлөдү.
Анда иш-чаранын максаты спортту жайылтуу, дени сак жашоону үгүттөө, мындай иш-чараларды өткөрүү аркылуу башка өлкөлөр менен алаканы бекемдөө болгонун белгилешти.
“Кулатуу Эртаймаш” – грециялык «Панкратион» жана бразилиянын «Вале Тудосуно» окшош, туруп же партерде мушташуу техникалары колдонулуп, ММАнын эл аралык стандарттарына ылайык келет.