Жалал-Абадда январдан бери изделип жаткан 25 жаштагы Алина Абдымомунованын жансыз денеси суудан табылды

Жалал-Абадда дээрлик 2 айга жакын убакыттан бери дайынсыз болуп изделип жаткан 25 жаштагы Алина Абдымомунованын жансыз денеси табылды. Бул туурасында облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан ырасташты.
"Изделип жаткан кыздын жансыз денеси 26-февралда Базар-Коргон районундагы суу сактагычтан табылды. Маркумдун сөөгү ата-энесине өткөрүп берилди. Бул иш табылган өлүк болуп катталды", - дешти милициядан.
Эске салсак, Алина Абдымомунова 6-январь күнү саат 08:30 чамасында жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп изделип жаткан.
Ал эми 26-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Базар-Коргон районунун Кайырма суу сактагычынан аял кишинин калкып калган жансыз денеси табылганын кабарлаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан