Бишкек мэриясы жылуулук берүү качан токтотуларын айтты

Бишкек шаарында жылуулук берүү азырынча өчүрүлбөйт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аба ырайы жылуу болгондугуна байланыштуу жарандардан жылуулукту өчүрүү боюнча кайрылуулар келип түшүүдө.

"Бекитилген критерийлер боюнча жылуулукту өчүрүү көчөдө абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8 градустан жогору болгондо башталат. Бүгүн түндө абанын температурасы төмөн болду.

Буга байланыштуу үйлөрдө, мектеп жана бала бакчаларда, ооруканаларда жана башка социалдык объектилерде жылуулукту өчүрүү азырынча эрте", - деп жазылат мэриянын маалыматында.

Эске салсак, Бишкек шаарында жылуулук 5-октябрда бериле баштаган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан