UFC уюмунун чемпиону, сап башындагы мыкты мушкери, кыргыздын сыймыгы Валентина Шевченко Ленин райондук администрациясынын Ардак грамотасы менен сыйланды. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Ага ылайык, Шевченко жана анын машыктыруучусу Павел Федотов №9 мектеп-гимназиясына барды.
"Валентина Шевченкону жана анын машыктыруучусун район акими Руслан Тагаев, мугалимдер жана окуучулар тосуп алышты. Аким мушкер айымга райондун Ардак грамотасын тапшырды. Шевченко өзүнүн мугалимдери, достору жана мектептеги жагымдуу эскермелери менен бөлүштү", - деп жазылат мэриянын маалыматында.
Белгилей кетсек, Валентина Шевченко 1988-жылы 7-мартта Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал №9 мектеп-гимназиясында окуган.
Белгилүү болгондой, буга чейин Валентина Шевченко championat.com сайтынын сурамжылоосу боюнча UFC'деги эң мыкты мушкер айым аталган.