Саламаттыкты сактоо министрлиги "Капитал Билдинг" курулуш компаниясына карата чара көрүү өтүнүчү менен милицияга кайрылды. Даттанууга Улуттук госпиталдын Урология бөлүмүнүн эски имараты пайдаланууга берилбей жатканы себеп болгонун Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
"Жогоруда аталган курулуш компаниясы 2020-жылдын 16-ноябрында Улуттук госпиталдын Урология бөлүмүндө оңдоо иштерин баштап, үч айдын ичинде оңдоп-түзөө иштерин бүтүрүү милдетин алган. Компания дефект актысын, сметаны бекитип, документтерди Мамлекеттик курулуш менен Чүй капиталдык курулуш башкармасында макулдашуусу керек эле. Бирок компания жогорудагы документтери жок эле капиталдык оңдоо иштерин баштаган. Капиталдык оңдоо иштери 2020-жылдан бүгүнкү күнгө чейин бүтпөй келет. Ал эми документация боюнча акт талап кылынган учурда курулуш мыйзамдарды бузуу менен жүргөнү белгилүү болду", - дешти министрликтин.
Ал эми "Капитал Билдинг ЛТД" курулуш компаниясынын жетекчиси
Досжан Сайрамбаев саламаттыкты сактоо министри
Алымкадыр Бейшеналиев тарабынан ага коркутуулар болуп жатканын
SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, буга алар оңдоп-түзөөдөн өткөргөн Улуттук госпиталдын Урология бөлүмүнүн эски имараты
себеп болууда.