Украинадагы Кыргыз жарандарын эвакуациялоо иштери башталды. Бул тууралуу Украинадагы Кыргыз жарандарынын диаспорасын негиздөөчүсү Азамат Исмаиловго байланышканыбызда билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата Киевде абал тынч.
"Азыркы учурда Киевде абал тынч. 110 кишини жөнөтүп жатабыз. Жарандарыбыз Венгрияга чыгып жатат. Мекенине кайтууну каалаган дагы 150дөй жаран бар", - деп билдирди Исмаилов.
Буга чейин Украинадагы Кыргыз өлкөсүнүн элчиси аймакта коменданттык саат аяктаган соң жарандарды эвакуациялоо иштери башталарын билдирген.