Бүгүн, 28-февраль күнү түш ченде Бишкекте рублдун курсу 65 тыйынга чейин түштү.
Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө шаардагы банктардын биринде 1 рублдун баасы 65 тыйынга чейин түшүп, кайра бир нече убакыттан кийин 80 тыйынга көтөрүлдү.
Эске салсак, Улуу Британия орусиялык беш банкка жана үч ишкерге санкция киргизген. Мындан тышкары, Орусия Донецк жана Луганск элдик республикаларын тааныганына байланыштуу Евробиримдик тарабынан бир катар жаңы санкциялар даярдалган. АКШ ошондой эле Орусияга каршы санкциялардын “биринчи траншын” жарыялап, эгер “агрессия уланса” чараларды катаалдантарын билдирген.