Таласта өгөй атасынан боюнда болуп калганы айтылган 13 жашар кыз көз жарды

Таласта өгөй атасы зордуктаганы айтылган 13 жашар кыз көз жарды. Тилекке каршы, ымыркай чарчап калганы өздүк булактар тарабынан белгилүү болду.

Окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинен SUPER.KG порталына буларды билдиришти.

"22-февралда өспүрүм кесарево жолу менен төрөдү. Тилекке каршы, ымыркайды сактап калууга мүмкүн болгон жок. Анткени операция жасалганга чейин эле курсактагы баланын өнүгүүсүндө патология бар экени УЗИден аныкталган. Учурда өспүрүмдүн абалы канааттандырарлык, облустук оорукананын төрөт бөлүмүндө апасы менен жатат", - дешти мекемеден.

Белгилей кетсек, 8-февралда Кара-Буура РИИБине 40 жаштагы аял арыз менен кайрылган. Анда биринчи никеден төрөлгөн 13 жашар кызын учурда чогуу жашап жаткан күйөөсү күч колдонуу менен зордуктап, анын кесепетинен кызы 26 жумалык боюнда бар экенин билдирген.

16-февралда боюнда бар 13 жашар кыз Талас облустук ооруканасына түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан