Украинадан Венгрияга 100дөн ашуун Кыргыз жараны эвакуацияланды. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Саат 13:00дө 107 Кыргыз жараны Киев шаарындагы чогултуу пунктунан Венгрияга эвакуацияланды. Алардын 34ү жашы жете элек өспүрүмдөр", - деп билдирди ал.
Буга чейин Украинадагы Кыргыз өлкөсүнүн элчиси аймакта коменданттык саат аяктаган соң жарандарды эвакуациялоо иштери башталарын билдирген.