1-марттан тарта мамлекеттик сатып алууларга чектөө киргизилет

1-марттан тарта мамлекеттик сатып алууларга чектөө киргизилет. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-марттан тартып министрликтерге, административдик ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана башка органдарга кызматтык унааларды сатып алууга жана бюджеттик каражаттардын эсебинен административдик имараттар менен кызматтык жайларда капиталдык ремонтту өткөрүүгө тыюу салынат.
Мындай аракеттер президенттин чыгымдарды оптимизациялоо жөнүндөгү жарлыгынын алкагында жасалууда.
"Финансы министрлигине бул багыт боюнча көрүлө турган чаралардын программасын иштеп чыгуу тапшырылган. Мында бюджеттик каражатты 2022-2023-жылдарга карата эффективдүү колдонуу маселеси дагы камтылган", - деп жазылат билдирүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан