Бишкек шаарынын Ленин районунун акимчилиги компьютердик клубдарга рейд өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, түнкү рейдди акимчиликтин, РИИБдин, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, билим берүү борборунун балдар иштери боюнча инспекторлору менен биргеликте өткөрүшкөн.
Рейддин жыйынтыгында жашы жете элек 19 баланын аты-жөнү аныкталып, алардын 18и туугандарына өткөрүлүп берилген, 1 жашы жете элек бала ИИМдин жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна дайындалган. Жашы жете элек 19 баланын 7си Ленин районунун аймагында, 12си башка райондордун жана региондордун аймагында жашай турганы белгилүү болду.
Ошондой эле ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Кылмыш-жаза кодексинин 74-беренесинин негизинде эки жашы жете элек баланын ата-энесине протокол түзүлүп, ар бирине 1000 сомдон айып (10 эсептик көрсөткүч) салынганы жазылат маалыматта.