Бүгүн, 1-мартка карата республика боюнча 27 адамдан COVID-19 илдети аныкталса, 113 бейтап аталган илдеттен сакайды. Мындай маалымат Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий сайтында жарыяланды.
Илдет аныкталган тургундардын жашаган аймактары:
Бишкек шаары – 16;
Чүй облусу – 6;
Нарын облусу – 1;
Жалал-Абад облусу – 4.
Республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы 173 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда – 547 бейтап бар.
Өлкө боюнча жалпы 200 527 адамдан коронавирус илдети аныкталса, 195 274 бейтап сакайды.