Чүйдө изделип жаткан 18 жаштагы Павел Тигайдын жансыз денеси табылды

Чүйдө дайынсыз болуп жаткан 18 жаштагы Павел Тигайды издөө иштери токтотулду. 28-февралда анын жансыз денеси табылды дешти облустук ички иштер башкы башкармалыгынан.

Белгилүү болгондой, Кайырма жана Ленинское айылынын ортосунда аты-жөнү белгисиз адамдын жансыз денеси табылганы тууралуу милицияга билдирүү келип түшкөн. Жерине ыкчам топ барып, маркумдун денесине сырттан кароо жүргүзгөндө көк ала тактар болгон эмес.

"Бул факты каттоого алынып, териштирүү иштери башталды. Ага ылайык, каза болгон жаран дайынсыз болуп изделип жаткан 2004-жылы туулган Павел Тигай экени такталды. Учурда тергөө амалдары улантылып, тиешелүү экспертизалар дайындалды", - дешти башкармалыктын маалымат кызматынан.

Эске салсак, Павел Тигай 18-февралда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайрылып келген эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан