Сурамжылоо: Доллардын көтөрүлүшү базардагы бааларга кандай таасир этти?

Өлкөдө акыркы күндөрү доллардын баасы көтөрүлүп, туруктуулук сакталбай жатат. Буга байланыштуу жарандар азык-түлүктүн баасы кымбатташы мүмкүн экендигин айтып, санаага батып жаткан кези. Доллардын кымбатташы базардагы бааларга кандай таасир тийгизип жатканын билүү үчүн борбор калаада жайгашкан "Ош базарына" барып сурамжылоо жүргүздүк.

Базардагы соодагерлердин айрымдары азык-түлүктүн баасы бир аз кымбаттаганын айтса, кээ бири учурда баа туруктуу экендигин билдиришти. "Ош базарындагы" сүрөт баян менен коштолгон сурамжылоого назар салыңыз.

"Азырынча эң керектүү деп эсептелген товарлар кымбаттай элек. Бирок баалар жогорулашы мүмкүн экенин айтып жатышат. Жергиликтүү ун мурунку эле баада сатылууда. Эгер кымбаттай турган болсо, Казакстандан импорт болуп келген ун кымбатташы мүмкүн. Мисалы, бир мүшөк унду 1650 сомдон сатып жатабыз. Майдын орточо баасы 130 сомдон жогору, ашкана тузу 10 сомдон 20 сомго чейин болууда", - деп билдирди сатуучу Жеңишбек Кошалиев.

Базарда кургак жемиштерди саткан сатуучу Мээрим Турусбекова ал сатып жаткан товарлардын баасы кымбаттаганын айтты.

"Доллардын баасы өсүп жаткандыктан товарлардын дүң баасы дагы кымбаттап жатат. Кургатылган жемиштер орточо 100 сомго кымбаттады. Мисалы, бир жума мурун кургатылган өрүктүн 1 килограммы 300 сом болсо, азыр 400 сом", - деди ал.

Буга чейин Украинадан тоңдурулган эт, момпосуй жана курулуш материалдары импорттолору айтылган. Буга байланыштуу аталган товарлардын базардагы бааларына кызыгып, соодагерлерди кепке тарттык.

Момпосуй, таттуу саткан сатуучу акыркы учурда товарлар туруктуу баада сатылып жатканын билдирди.

"Азыркы учурда товарлар кескин түрдө кымбаттаган жок. Бизде болгон товардын запастарын сатып жатабыз. Бирок жаңы товарларга эртеңден баштап буюртма беребиз. Ошого жараша эле өзгөрбөсө...", - деп билдирди сатуучу.


Тоңдурулган тоок этин саткан сатуучу Украинадан келген тоок эттери жергиликтүүгө салыштырмалуу баасы арзан болгонун билдирди.

"Учурда тоок этинин эң арзаны 160 сомдон болсо, кымбаты 320 сомго чейин болуп жатат. Көпчүлүгү Украинадан импорттолуп келчү. Азыр ал жактан келбей жатат. Өзүбүздүн ата мекендик фирманын тоок эттерин сатып жатабыз. Чет өлкөдөн келген тоок эттери арзан болчу, азыр алар жок", - деди Нурзамир Мыктыбеков.

Ошондой эле ал товарлардын баалары 5 сомго чейин кымбаттаганын кошумчалады.

"Кумшекердин килограммы 2 сомго, күрүч 4-5 сом, ун 5 сомго (мисалы, мурун 1 килограмм ун 35 сом болсо, азыр 40 сом) кымбаттады.

Соода жакшы болуп жатат", - деди ал.

Ал эми базарда картошка, пияз, сабиз сыяктуу жашылчалардын баалары учурда туруктуу экендигин соодагерлер айтышты.

Базарда соода кылып жүргөн пенсионер Майрам Баймурзаева кымбатчылык болуп жаткандыктан пенсия көбөйтүлсө деген оюн айтты.

"Өзүм пенсионермин. Азык-түлүктүн баасы кымбаттаганы байкалууда. Бир мүшөк унду мурун 1600 сомдон алсам, азыр 1800 сом болуптур. Өсүмдүк майы дагы кымбаттады. Эми дагы азык-түлүк кымбаттайт деп жатышат. Биздин пенсиябызга кичине каражат кошуп койсо жакшы болмок. Бул бизде гана эмес, бардык өлкөлөрдө болуп жатат", - деди тургун.

Эттин баасы туруктуу эле. Кышындагы баага салыштырмалуу азыр эт 20-50 сомго чейин арзандап калды. Уйдун эти килограммы 420 сомдон баштап 480 сомго чейин сатылууда. Бирок баалар кымбатташы күтүлүүдө деп айтып жатышат", - деди соодагер Атыркүл Абасова.

Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров азык-түлүктөрдүн, күйүүчү майлардын кымбатташы боюнча билдирүү жасаган. Анда ун жана башка дан азыктарынын баалары кымбаттаганын айтып, элди дүрбөлөңгө түшпөй, сабырдуу болууга чакырган.

Кымбаттуу окурман, сиз жашаган аймакта азык-түлүктүн бааларындагы өзгөрүүлөр тууралуу комментарийге жазып толуктасаңыз болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан