Өлкөдө окуучулардын жазгы каникулу 21-мартта башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, окуучулар жазгы каникулда 10 күн эс алышат.
"Окуучулардын жазгы каникулу 10 күн болот. Тагыраагы 21-марттан 30-мартка чейин уланат. Сабактар 31-март күнү башталат", - деп жазылат министрликтин маалыматында.