Бишкекте милиция кызматкерлери корей тилин окушат

Бишкекте милиция кызматкерлери корей тилин үйрөнөт. Бул туурасында шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалым болгондой, Бишкек ШИИББинин жетекчиси Азамат Ногойбаев Корея Республикасынын Кыргыз жергесиндеги элчилигинин, билим берүү борборунун өкүлдөрү менен жолугушту. Анда шаардык милиция кызматкерлерине корей тилин окутуу ийримин өткөрүү боюнча маселе талкууланды.

"Жолугушууда Азамат Ногойбаев менен Кореянын билим берүү борборунун өкүлү Ким Две Ган милиция кызматкерлери тарабынан корей тилин үйрөнүү боюнча меморандумга кол коюлуп, эки жыл бою күчүндө болот. Корея билим берүү борбору милиция кызматкерлерин бекер окутуу милдетин өзүнө алат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан