Жалал-Абадда президенттин өлүм чыккан жерде мал союуга тыюу салган жарлыгын ишке ашыруу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Ага ылайык, түшүндүрүү иштеринин натыйжасында, каза болгон эки шаар тургунунун жакындары маркумду жерге берүүдө мал-жандык сойгон эмес.
"Бүгүн, 1-мартта каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды, үйлөнүү-үлпөт тойлорун, маркумду эскерүүгө арналган иш-чаралардын өткөрүлүшүн көзөмөлгө алуу боюнча жумушчу топтун отуруму өттү. Анда түшүндүрүү иштеринин натыйжасында, каза болгон эки шаар тургунунун жакындары маркумду жерге берүүдө мал-жандык сойбогону айтылды.
Алдыда жергиликтүү бийлик, тийиштүү тармактардын өкүлдөрү менен биргеликте түшүндүрүү жана ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча иш-аракеттерди улантат", - деп билдиришти мекемеден.