Бишкек шаарына жаңы дайындалган мэр Эмилбек Абдыкадыров мэрлик кызматта кандай өзгөрүүлөрдү киргизерин билдирди.
"Ар бир райондордо чечимди акимдер кабыл ала турган бийликти өткөрүп берем. Аны менен кошо финансы, майда-чүйдө маселелерди дагы чечүүнү акимдерге өткөрүп берем.
Бишкек мэриясы чоң инвестицияларды тартуу иштери менен алек болушу керек. Ал эми шаардын райондорундагы көйгөйдү акимдер чечиши зарыл", - деди шаар мэри.
Белгилеп өтсөк, Бишкекте 4 район бар.