Бишкек шаарындагы эң негизги көйгөй полигон маселеси. Бул тууралуу Бишкектин жаңы мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымына караганда, жакын арада полигон маселеси чечилет.
"Бишкекте эң негизги көйгөй полигон маселеси. Ушул маселени чечип, аягына чыгам. Таштандыларды кайра иштете турган завод куруу зарыл", - деди шаар мэри.
Мындан тышкары мэр борбор калаага 60 миңдей бак тигүү пландалганын айтты.