Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйында шаардык бюджет тууралуу маалыматты ачык жарыялоо керектигин айтты.
"Бишкектин бюджети тууралуу маалыматты мэриянын имаратынын биринчи кабатына илип коюуну пландап жатам. Анткени бардык иштер бардык жарандар үчүн ачык-айкын болушу керек. Каражат кайсы жактан, кандай суммада түшүп жатканын жарандар билиши керек", - деди ал.
Ошондой эле ал жалпыга маалымдоо каражаттары менен тыгыз иштешүүгө даяр экендигин кошумчалады.