Республика боюнча электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлүп турат. Бул туурасында бүгүн, 2-мартта Энергетика министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашат.
Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, өлкөдө подстанция, трансформатор, электр чубалгыларын оңдоо иштери башталды. Буга байланыштуу убактылуу өчүрүүлөр болот.
Мекемеден оңдоо иштери канча убакытка созуларын билдирген жок.