"Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалып калышым мен үчүн күтүүсүз болду" деди мэр Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Ал өз сөзүндө мамлекеттик кызматтарда мурда иштегендиктен бул иш ага тааныш экенин айтты.
"Мен Бишкектин айыл эмес, шаар катары көрүнүшүн каалайм. Мэрдин кызматы өтө жоопкерчиликтүү кызмат экенин жакшы түшүнөм. Бул кандайдыр бир бийлик эмес, бул жоопкерчилик. Мен бул жерде өз ишинин чыныгы профессионалдары иштешин каалайм. Бул жерде жердешчилик, тууганчылык деген нерселер болбош керек", - деди ал.