Маалымат жыйында шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров окуучулардын жол акысын төмөндөтүү боюнча пикирин билдирди.
Шаар мэри жол акысын төмөндөтүү зарыл деп эсептейт.
"Кичи автобустар айла жоктун иши болуп жатат. Окуучулардын жол акысы боюнча көйгөйдү чечүү зарыл. Бул көйгөй республикалык же жергиликтүү бюджетке тиешеси барбы же жокпу карап көрөбүз. Эгер жергиликтүү бюджетке тиешеси бар болсо, макулмун", - деди мэр.
Белгилеп өтсөк, борбор калаада жүргүнчүлөр кичи автобуска 15 сом, автобустарга жана троллейбустарга 11 сом төлөйт.