Ош шаарын жашылдандыруу жана санитардык тазалоо боюнча үч айлык жарыяланды

Ош шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча үч айлык жарыяланды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Ага ылайык, аталган иш-чара 1-марттан баштап 31-майга чейин уланат.

"Анын алкагында ар жуманын ишемби күндөрү ишембилик өткөрүлүп, айлана-чөйрөнү тазалоо, калаа аймагын иретке келтирүү, бак-дарактарды сырдоо, арыктарды тазалоо иштери жүргүзүлөт.

"2022-жыл Тоолордун экосистемасын жана климатты коргоо жылына" ылайык үч айлыктын алкагында көчөттөрдү отургузуу, аларга кам көрүү, Ошту жашыл шаарга айлантуу багытында да иштер аткарылат", - деп жазылат мэриянын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан