Бишкекке хоккей боюнча дүйнөлүк чемпиондукка катышуу үчүн үч өлкөнүн спортчулары келишти

Бүгүн, 2-мартта өлкөгө хоккей боюнча дүйнөлүк чемпиондукка катышуу үчүн Иран, Малайзия жана Кувейт мамлекеттеринен хоккейчилери келишти. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 3-марттан 8-мартка чейин Бишкекте хоккей боюнча дүйнө чемпиондугу өтүп, ага Малайзия, Иран, Кувейт, Сингапур жана Кыргыз өлкөсүнүн командалары катышат.
Ошондой эле Эл аралык хоккей федерациясынын президенти Люк Тардиф, советтик хоккей боюнча атактуу дарбазачы Владислав Третьяк, Германиянын Хоккей федерациясынын президенти Франц Рейндл жана Эл аралык хоккей федерациясынын Азия жана Океания боюнча вице-президенти Айваз Оморканов да катышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан