Бишкектин мэри: "Ат-Башыда логистикалык борбор курулса, 10 миң адам жумуш менен камсыз болмок"

Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйында Ат-Башыда курулбай калган логистикалык борбор тууралуу журналисттин берген суроосуна жооп берди.

Анын айтымында, логистикалык борбор курулса, өлкөнүн экономикасы үчүн пайдасы чоң болмок.

"Чындыгында, Ат-Башыдагы логистикалык борборду курууну демилгелегем. Муну кээ бир адамдар колдогон эмес, айрымдары демилгени жактырышкан.

Эми ошол логистикалык борборду курсак болмок экен деп Нарындын ыйгарым укуктуу өкүлү, жашоочулары мага 5 жолу келди. Бирок инвесторду биз таарынтып койдук, кетип калды.

Ал жерге 4 завод курулуп, 10 миң киши иштемек.

Логистикалык борбор курулуп калса, миңдеген мигранттарыбыз башка өлкөлөргө кетпей, ушул жерде иштемек.

Эми инвесторду качан табабыз мен билбейм. Бирок менин позициям дагы эле ошол бойдон калат", - деди калаа башчысы.

Маалымат үчүн:

2019-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кытай менен биргеликте өнөр жай соода-логистикалык борборун куруу демилгеси көтөрүлгөн. Анда инвестор 280 миллион доллар бөлүүгө даяр экени айтылган.

2020-жылы 17-февралда Ат-Башы райондук администрациясынын алдына эл топтолгон. Алар логистикалык борбор - Ат-Башы эркин экономикалык зонанын курулушуна каршы болуп чыгышкан.

Өкмөт “Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы” компаниясы соода-логистикалык борборду куруу боюнча долбоорун жаап, 200 гектар жерди 49 жылга ижарага берүү келишимди жокко чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан