Бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында КТРКнын макамын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору каралып жатат. Анда депутат Нурланбек Шакиев мыйзам долбоорун колдой турганын айтты.
"Бул мыйзамды мен колдойм. КТРК коомдук канал деп эл алданып келди. Себеби бийликтин камчысын чапкан канал болуп калды. 10 жылдан бери бийлик каалагандай оппозицияны шыбатты. КТРК мамлекеттик канал болуп, мамлекеттин саясатын жүргүзүш керек.
4 мамлекеттик канал бар экен. Бир мамлекеттик каналды калтырып, калганын сатыш керек", - дейт ал.
Ошону менен катар эле депутат кызматкерлердин санын кыскартуу керектигин айтты.