Эртең, 3-мартта Мамлекеттик туу күнү белгиленип, Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында иш-чара өткөрүлөт. Салтанатка байланыштуу борбор калаанын айрым көчөлөрүндө транспорт каражаттарынын жүрүшүнө чектөө киргизилет. Бул туурасында шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кыргыз Республикасынын мамлекттик туусунун кабыл алынганына 30 жыл болот. Буга байланыштуу салтанат уюштурулуп, эртең мененки саат 08:00дөн 12:00гө чейин айрым көчөлөр унаалардын каттамы үчүн жабык болот. Калаа башкармалыгы ыңгайсыздык үчүн алдын ала кечирим сурап, айдоочуларга унаа каттамдары үчүн альтернативдүү жолду түзүүнү сунуштайт", - дешет маалымат кызматынан.
Убактылуу жабыла турган көчөлөр:
• Чүй кең көчөсүнүн Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү;
• Раззаков көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Чүй кең көчөсүнө чейинки бөлүгү;
• Орозбеков көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Чүй кең көчөсүнө чейинки бөлүгү;
• Абдымомунов көчөсүнүн Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү.