38и жашы жете элек кыздар, балдар. Украинадан эвакуацияланган 114 Кыргыз жараны Венгрияга барышты

Украина менен Орусиянын ортосундагы кагылыш 6 күндөн бери уланып, абал оорлошууда. Буга байланыштуу кагылыш жүрүп жаткан аймактардан жарандарды коопсуз жайга алып чыгуу аракеттери жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата Украинадан 114 Кыргыз жараны Венгрияга эвакуацияланды.
Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, 1-мартта үчүнчү өлкө аркылуу эвакуацияланып жаткан мекендештердин биринчи тобу автобус менен Будапешт шаарына жетишти. Анын ичинен 38и жашы жете элек кыздар, балдар, бешөө студент.
"Кыргыз өлкөсүнүн Венгриядагы элчилигинин кызматкерлери мекендештерди тосуп алышып, консулдун көмөгү менен жарандарды мейманканаларга жайгаштырып, тамак-аш менен камсыздашты.
Учурда Польшанын аймагында 90 Кыргыз жараны бар, алардын бир бөлүгү мейманканаларга акысыз жайгаштырылган. Калгандарын коопсуз жайларга жайгаштыруу маселеси каралууда.
Ошондой эле Киев жана Львов шаарларында калган Кыргыз жарандарынын саны такталууда. Алар жакынкы аралыкта Венгрияга жөнөтүлөт", - дешти тышкы саясий ведомстводон.
Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматынын байланыш номери: +996 551 312 000.
Кыргыз өлкөсүнүн Украинадагы элчилигинин байланыш номери: +380 50 776 3494.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан