Борбор калаанын башчысы жакында Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү завод куруларын айтты

Бишкектеги таштанды полигонун жөнгө салуу үчүн Европа өнүктүрүү банкынан бөлүнгөн 22 миллион евродон 6 миллиону калды. Мындай пикирди Бишкек шаарына жаңы дайындалган мэр Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, таштандыны кайра иштете турган завод куруу 2-3 айдын ичинде ишке кириши күтүлүүдө.

"Таштанды полигону борбордогу эң көйгөйлүү маселе. Таштандыны кайра иштетүүчү заводду куруу үчүн бизде 6 миллион евро бар. Заводду курган соң, кантип утилизация кылуу боюнча маселенин үстүнөн иштеп жатабыз. Жакынкы 2-3 айда завод куруу иштерин баштайбыз", - деди Абдыкадыров.

Ал эми калган каражат максаттуу пайдаланылганы, кайда жумшалганы боюнча териштирип жатканын кошумчалады.

Маалымат үчүн:

2021-жылы октябрь айында калаанын экс-мэри Айбек Жунушалиев 22 миллион евронун 10 жарым миллион евросу сарпталганын билдирген.

Белгилей кетсек, 2015-жылы "Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы" тарабынан таштанды полигонуна 22 миллион евро бөлүнгөн, анын 11 миллион евросу грант, калганы насыя түрүндө келген.

Бишкек шаарындагы таштанды полигону 1970-жылдары эле пайда болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан