Ырчы Анжелика апасы менен кичи ажылыкка барып келгенден кийин жоолугун чечпей, күйөрмандарынын суроосун жаратып, талкууга алынды. Тагыраагы, айрымдары ырчы хиджаб кийгенин жазып чыгышты.
Айтылып жаткан кептер боюнча Анжелика айымга байланышканыбызда ал SUPER.KG порталына буларды айтып берди.
"Апамды умрага алып барып келдим. Он күн бою беш маал намаз окуп, жоолук чечпей жүрдүм. Шарт ошондой. Келгенден кийин ал нерседен баш тартып, намазды токтотуу - Аллах алдында эки жүздүүлүк болуп саналат. Ошондуктан ыйман жолунда жашоомду улантуудамын. Хиджаб болбосо дагы башымда ар дайым жоолук болот", - деди ал.
Ошондой эле хиджаб бул кийим экенин, аны талкууга албай деле койсо болорун кошумчалады. "Хиджаб кийген айым жүзүн такыр көрсөтпөш керек. Бизде андай мүмкүн эмес. Күйөөңө, ата-эне, балдарың, бир туугандарың гана көрүш керек. Бекин, катынып жүр деген нерсе. Мен ыймандуу айым эле болгум келет.
Эл сүйлөгөн жана сүйлөй берет. Мен кыйынмын деген айым үйүндө гана жүзүн ачып, эшикте жамынып, беш маал намаз окуган айым", - деп белгиледи ырчы.