Бүгүн, 2-мартка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 130 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
"2-мартка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 130 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 143 метр куб, агып чыгышы 436 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
Кечээ, 1-мартта суу сактагычта 8 миллиард 155 миллион метр куб суу бар болчу.