Швейцариялык миллиардер Хансйорг Висске лондондук "Челси" клубун сатып алуу сунушу түштү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.
Андагы маалыматта, Роман Абрамович "Челси" клубу үчүн өтө эле көп каражат сурап жатканы айтылды.
"Абрамович Англиядагы бардык виллаларын сатууга аракет кылууда. Ал ошондой эле "Челси" клубун дагы тез арада сатууну көздөп жатат. 1-март күнү мен дагы үч киши Абрамовичтен "Челси" клубун сатып алуу сунушун алдык", - деген Висс.
Ал клубдун баасын ылдыйлатыш үчүн дагы төрт-беш күн күтөрүн айткан.
"Учурда Абрамович "Челси" үчүн өтө көп каражат сурап жатат. "Челси" ага 2 миллиард фунт карыз экенин билебиз. Бирок клубда азыр акча жок. Бул "Челсини" сатып алгандар Абрамовичке компенсация төлөшү керек дегенди билдирет", - деп кошумчалаган ал.
Буга чейин орусиялык миллиардер Роман Абрамовичке Улуу Британияда жашоого тыюу салынгандыгы кабарланган.