3-мартка карата өлкө аймагында 20 адам коронавирус илдетине кабылды. Мындай маалымат Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, акыркы суткада 100 бейтап илдеттен айыкты.
Илдет аныкталган жарандар катталган аймактар:
Бишкек шаары – 9;
Ош шаары – 1;
Чүй облусу – 7;
Жалал-Абад облусу – 2;
Баткен облусу – 1.
Илдет аныкталгандардын жалпы саны 200 576 болсо, анын ичинен 195 468 бейтап сакайган.