Токтогул токой чарбасында балды кайра иштетүүчү чакан цех реконструкцияланууда

Токтогул токой чарбасында бал продуктуларын кайра иштетүүчү чакан цехти реконструкциялоо иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик токой чарба агенттигинен билдиришти.
Агенттиктин маалыматына ылайык, чакан цехтин жалпы аянты 225 чарчы метрди түзөт.
"Учурда реконструкциялоонун биринчи этабы аяктаган. Курулуш иштерин ушул жылдын май айынын аягына чейин бүтүрүү болжолдонууда.
Жаңы цехте балды кайра иштетүү жана идиштерге бөлүштүрүп коюу боюнча иштерди жолго коюу, бал азыктарынын сапатын, товардуулугун жогорулатуу, ошондой эле ички жана тышкы рынокко жылдыруу болжолдонууда", - деп жазылат маалыматта.
Алдын ала маалыматтар боюнча, цехте 3-5 миң тоннага жакын балды кайра иштетүү болжолдонууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан