Биз социалдык тармакта

Ош шаарында кечкисин коомдук транспорттор текшерилүүдө

Ош шаарындагы маршруттук каттамдардын иштөө интервалдарына, алардын техникалык абалына көзөмөл жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, учурда коомдук транспорт жүргүнчүлөрдү саат 21:00гө чейин тейлейт.
"Курманжан Датка, Гапар Айтиев, Масалиев көчөлөрүндө маршруттук таксилердин ишин текшерүүнүн жүрүшүндө №107 маршруттук линияда бузуу фактысы аныкталды. Тартип бузган тарапка тиешелүү чара көрүлөт", - деп жазылат мэриянын маалыматында.
Мэриядан мындан ары рейддик иш-чаралар күн сайын өткөрүлөрүн эскертишти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан