Бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурланбек Шакиев Аксы окуясына карата кандай иш-чаралар өтө турганын сурады.
"17-мартта Аксы окуясына 20 жыл толот. Бул күн кандай тартипте, кандай мүнөздө белгиленет? Өткөндө бул боюнча президенттин өкүлүнөн дагы сурадым эле. Мамлекет кандай көңүл бурат деп шайлоочулар дагы кызыгып жатышат. Бул абдан чоң окуя. Аксы окуясынын артынан демократиялык принциптер бекемделип, кыргыз элинин духу чыңалып, 2-3 ыңкылап өткөн", - дейт Шакиев.