Биз социалдык тармакта

Сүйүнчү! Кыргыз режиссёрунун тасмасы Римдеги фестивалда биринчи орунду багындырды

Кыргыз жараны Мадина Исмаилованын тасмасы кыска метраждуу фильмдердин фестивалында биринчи орунду багындырды. Бул туралуу "Ыйман Нуру" саясий партиясынын төрагасы Нуржигит Кадырбеков Фейсбук баракчасына жазды.

“Мадина Исмаилова кыска метраждуу фильмдердин Рим фестивалында “Түнкү басырык” (Ночная ведьма) тасмасы менен биринчи орунду жеңип алды. Белгилей кетчү нерсе, Мадина Исмаилова - “Ыйман нуру” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттин Социалдык саясат комитетинин төрайымы Динара Ашимованын кызы. Голливудда атайын билим алып, тажрыйбасын арттырган Мадина бүгүнкү күндө АКШнын Лос-Анжелес шаарында эки кинокомпанияда оператор катары эмгектенүүдө”, - деп жазган эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан