Баткенде милиция кызматкерлери ысырапкерчиликке жол бербөө тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен ШИИБинин кызматкерлери шаардын маданият үйүндө эл менен жыйын өткөрдү. Анда тургундарга маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды жана башка үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкерчиликке жол бербөө багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жыйынга Баткен шаарынын 150гө жакын тургуну катышты.