Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Оштогу бөлүмүнө жаңы 12 унаа тапшырылды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-мартта Ош облустук Ички иштер башкармалыгына караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө ИИМ тарабынан 5 даана ылдамдыкты өлчөөчү жабдуу (радар) жана 12 атайын жабдыгы менен жабдылган кызматтык унаалар тапшырылды. Аларды Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Абитов тапшырды.
Берилген кызматтык унаалар Кара-Суу, Өзгөн жана Ноокат райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрүнө бөлүнүп берилген.